Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.Н. УКМКнын СИЗОсуна камалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигиндеги финансылык тартип бузууларды жашырган деп шектелип жатат. А.Н. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын СИЗОсуна 1 айга камалды. А.Н. Жазык кодексинин 320-беренеси боюнча айыпталууда.