Бүгүн, 29-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Айыл банк" ачык акционердик коомунун жетекчилигин: башкармалыктын төрагасы Бактыбек Шамкеевди жана кеңештин төрагасы Малабек Токтоболотовду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда мамлекеттик банктын ишмердүүлүгүнүн калкты насыя менен жеткиликтүү камсыз кылуу боюнча сөз болду. Бактыбек Шамкеев финансы мекемесинин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу багыттары жана банктын келечек пландары тууралуу маалымат берди.
Премьер-министр белгилегендей, дыйкандарды насыя менен камсыз кылуу жана аймактарда бизнес-долбоорлорду каржылоо багытында банктын алдына коюлган милдеттерди сапаттуу аткаруу маанилүү.
"Өлкө аймактарында бизнес-долбоорлорду каржылоо максатында кредиттик продуктулардын кошумча пакетин иштеп чыгууга көңүл буруу керек", - деди өкмөт башчы.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча "Айыл банктын" жетекчилигине бир катар тапшырмалар берилди.