Президент Сооронбай Жээнбеков алименттик милдеттенмелерди жөнгө салууга багытталган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Мыйзам үй-бүлөнү, энени, атаны жана баланы коргоого, алименттик милдеттенмелерди жөнгө салууга багытталган. Анда алимент төлөбөй качып жүргөндөрдүн электрондук базасы түзүлөт. Мыйзамда сот аткаруучуларына алименттик милдеттенмелерге тийиштүү аткаруу баракчаларынын аткарылышына кошумча механизмдер каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.