Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин зергердик тармакты өнүктүрүү маселеси боюнча көчмө жыйыны өттү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Алтын" зергердик заводунун аймагында Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин зергердик тармакты өнүктүрүү маселеси боюнча көчмө жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы заводду кыдыруу учурунда технологиялык процесс менен таанышып, чынжыр токуучу, механикалык жана куюучу жабдууларды көрүп чыкты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, мамлекет ата мекендик зергердик өнөр жайды колдоо механизмдерин натыйжалуу иштеп чыгууга тийиш.

"Ата мекендик зергерлер жогорку сапаттуу зер буюмдарын өндүрүүнү жолго сала алышты. Алар тышкы рынокто ийгиликтүү атаандаш болуп жатышат. Мамлекет бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен биргеликте зергердик өндүрүштү колдоонун таасирдүү чараларын, жаңы жумуш орундары кайда ачылат иштеп чыгуусу керек. Ал эми биздин компаниялар – тышкы рынокту ийгиликтүү өздөштүрүү менен мамлекеттин экспорттук потенциалын бекемдөөгө тийиш", – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан