Бишкек шаарында Lexus LX 570 үлгүсүндөгү автоунааны уурдоого шектүү жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-июлда Биринчи Май РИИБине А.М. аттуу жаран автоунаасын уурдап кеткенин билдирип, арыз жазган. "Арызда 25-июлда саат 19:50дө баасы 110 миң доллар болгон Lexus LX 570 үлгүсүндөгү автоунааны белгисиз адам уурдап кеткени кабарланган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында 1994-жылы туулган С.И. жана 1990-жылы туулган Т.А. аттуу жарандар шектүү катары кармалды. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алар СИЗО-1ге 2 айга камакка алынды", - деп жазылат маалыматта.