Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү акча жана тапанча уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-июнда Ленин РИИБине Т.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. "Арызда 29-июнда саат 14:10дө Жал кичи районундагы мечиттин жанынан автоунаанын терезесин талкалап, 3 миң доллар акчасын жана газ-травматикалык тапанчасын белгисиз адам уурдап кеткени жазылган. Бул факты боюнча Ленин РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин "уурулук" боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмышка шектелип ИИМде уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары катталган 1983-жылы туулган Б.Б. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.