Ош шаарында бүгүн, 30-июлда эл аралык жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, "Ала-Тоодон Кара деңизге чейин" аттуу форумга Орусия, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргыз өлкөсүнүн 7 облусунан жаштар жана Ош шаарындагы активисттер катышат. Анда жаштар жана саясат, билим берүү, туризм, ишкерлик жаатындагы маселелер каралат. Иш-чара Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору аталышынын алкагында өтөт.