Бишкекте 5-каттамдагы троллейбус менен Lexus үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп кетти. Жол кырсыгынан видео интернеттеги социалдык тармактарда талкуу болуп жатат. Кырсык Горький жана Ашхабад көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Күбөлөр Lexus унаасынын айдоочусу токтоп турган жеринен айдап баштаганда троллейбусту сүзгөнүн билдиришкен.