Нарында сууга түшүп кеткен 61 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Нарын шаарында Нарын дарыясына түшүп кеткен 61 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Нарын ОИИБинин маалыматына ылайык, алгач Жаңы-Жол аймагынан Нарын дарыясынын түштүк тарабындагы жээгинен 1958-жылы туулган А.Ж.нын кийимдери табылган.

"Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, изделип жаткан аялга таандык көк түстөгү жоолук, жашыл түстөгү чыптама, кызыл түстөгү свитер, эки даана байпак жана көк түстөгү жайкы бут кийим табылган.

Издөө иш-чараларына ӨКМдан 18 куткаруучу тартылган. Маркумдун жансыз денеси кечээ, 29-июлда саат 15:30 чамасында Куланак айылынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген", - дейт маалымат кызматынан.

28-июлда саат 14:05те Нарын шаарынын ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө 61 жаштагы А.Ж. аттуу аял Нарын дарыясына түшүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Нарын дарыясында 61 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан