Ош облусунун Ноокат районунда 22 жаштагы жарандын унаасын коркутуу жолу менен тартып алган деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-июль күнү Ноокат РИИБине Бел айылынан эки жаран Дэу Тико үлгүсүндөгү унааны коркутуп тартып алгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Ноокат РИИБинин ыкчам иш-чараларынын негизинде ошол күнү саат 18:00 чамасында Ноокат районунан 30 жаштагы К.У. жана Баткен облусунун 30 жаштагы Т.М. аттуу жарандары кармалышкан.
"28-июль күнү саат 17:30 чамасында кылмышка шектүүлөр К.У. жана Т.М. биргеликте пайда көрүү максатында Кызыл-Кыя шаарынын 21 жаштагы тургуну Б.Ш. аттуу жарандын башкаруусундагы Дэу Тико унаасы менен Бел айылына жеткирип коюуну суранышкан. Алар Бел айылына жеткен учурда жабырлануучу Б.Ш.ны аш бычак менен коркутуп унаанын документтерин сурашкан. Натыйжада жабырлануучу өз өмүрүнө кооптонуп, окуя болгон жерден машинасын таштап качып кеткен.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "каракчылык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кылмышка шектүүлөр К.У. жана Т.М. Ноокат РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.