Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарынан бир жуманын ичинде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте патенти жок иштеген 200дөн ашык такси айдоочуларын аныктады. Бул тууралуу 30-июлда мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Белгилүү болгондой, жеңил унаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш жүргүзгөн 520 субъектке рейд жүргүзүлгөн. Анын ичинен 221 айдоочуда экономикалык иш жүргүзүү патенти жок болуп чыкты.
Рейддин жыйынтыгы боюнча 194 субъектке патент берилип, 27 субъектке административдик айып салынды. Ушундай рейддик иш-чаралар республика боюнча туруктуу негизде жүргүзүлүп турат.