Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунда Ак-Булак суусуна түшүп кеткен чек ара кызматкеринин жансыз денеси Өзбекстандан табылды. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн аскердин жансыз денеси кечээ, 29-июлда табылган.
"№2030 аскер бөлүгүнүн жоокери 19-июлда Ак-Булак суусунун жээги менен бара жатып буту тайып сууга түшүп кеткен. Ак-Булак суусу шар аккандыктан чек арачыны 11 чакырымга агызып кеткен. Издөө иштери 10 күнгө созулуп, ага Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын ӨКМсынын куткаруучулары тартылган. Жоокердин жансыз денеси өзбек куткаруучулары тарабынан табылган. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды", - дейт маалымат кызматынан.