Ошто таксист аял кардарын муштум менен бетке чапканы боюнча милицияга эч ким кайрыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.
Буга чейин интернет булактарына такси айдаган аял эркек киши менен урушуп, аны бир нече жолу муштаган видеосу тараган. Видеодон экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыкканын байкоого болот.
"Бул окуя боюнча эч ким укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган эмес. Учурда интернетке тараган видео кайсы жерде тартылганы жана окуянын чоо-жайы аныкталууда", - деп милициядан билдиришти .