Ленин чокусунан түшүп келе жатып дайынсыз жоголгон туристтин буюмдары табылды. Өзүн издөө иштери уланууда

Ош облусундагы Ленин чокусунан түшүп келе жатып дайынсыз жоголгон турист табыла элек. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

27-июль күнү орусиялык И.И. аттуу 45 жаштагы жаран Ленин чокусунан түшүп келе жатып, 5 миң метр бийиктикке келгенде байланышка чыгып, ошол бойдон кайра байланышка чыккан эмес. Турист "Горы Азии” туристтик фирмасында камсыздандырылган.

Белгилүү болгондой, издөө иштерине ӨКМнын куткаруучулары, туристтик компаниянын альпинисттери катышты. 29-июлда "Кыргызстан Валор Эйр" авиакомпаниясынын 1 тик учагы 4 сааттай издөө иштерин жүргүзүп, бирок натыйжа болгон эмес.

30-июлда ӨКМдан кошумча куткаруучулар тартылды. Саат 17:30 чамасында 6300 метр бийиктикте туристке таандык сумка жана визитка табылган.

Турист азырынча табыла элек. “Горы Азии” туристтик фирмасынын суранычынын негизинде "Ак-Сай-Трейвел" туристтик компаниясынын 6 альпинисти издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан