Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө милициянын көчмө кабылдамасы тапшырылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, көчмө кабылдаманын милдети милицияны эл менен жакындатуу жана район, шаардын алыскы аймактарына атайын түзүлгөн графиктин негизинде үзгүлтүксүз алыскы айыл жерлерине чыгуу менен элдердин арыздарын, сунуштарын кабыл алуу.
"Бүгүнкү күндө Баткен облусунда Баткен, Лейлек райондорунда, Кызыл-Кыя шаарында милициянын көчмө кабылдамасы иштейт. 2019-жылдын 6 ай аралыгында 83 жолу алыскы айыл-кыштактарга чыгып, жалпысынан 301 атуулду кабыл алышкан. Анын ичинен 91 кайрылуу жеринде чечилген", - деп айтылат маалыматта.