Бишкектеги Төмөнкү Ала-Арча айылында бычактан алган жаракатынан улам каза болгон 27 жаштагы жарандын өлүмүнө шектелип жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдирди.
"28-июль күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Төмөнкү Ала-Арча айылында бир адам бычактан жаракат алганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, жабырлануучу 27 жаштагы Т.Ж. экенин аныктаган. Аталган айылдагы мал базардан белгисиз адам Т.Ж.га бычак сайып, качып кеткен. Ал эми жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча маркум менен шектүүнүн ортосунда пикир келишпестик орун алып, өлүм менен аяктаган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адам өлтүрүү" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Ыкчам тергөө амалдарынын натыйжасында 35 жаштагы М.Б. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деди басма сөз кызматынан.