Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 8-түзөтүү мекемесинде төкмө акындардын катышуусунда концерт өттү.
Концертке Кыргыз Эл артисти Элмирбек Иманалиев баш болгон акындар тобу келген.
Концерт уюштуруучулардын абакта отурган жарандарга руханий баалуулуктарды жеткирүү демилгеси менен "Айтыш" коомдук фондунун колдоосу аркылуу өткөрүлүүдө.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 8-мекемесинде жалпысынан 800дөн ашык адам жазасын өтөп жатат.