Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканадан качып кеткен 20 жаштагы бейтап табылды

Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканадан качып кеткен 20 жаштагы бейтап табылды. Учурда ал оорукана кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенин Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлады.

"30-июль күнү кечинде Кемин РИИБинин кызматкерлери ыкчам-тергөө иштеринин алкагында Азамат Токушевдин жүргөн жерин аныкташкан. Алар бейтапты кармап, психиатриялык оорукананын кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деди басма сөз кызматынан.

Азамат Токушев 26-июлда саат 22:00 чамасында психиатриялык ооруканадан качып кетип, изделип жаткан. Ал 2018-жылы Сокулук райондук сотунун чечими менен Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканага милдеттүү дарылануу үчүн жиберилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ziregim
2019-07-31 12:20:49
Байдын баласын камагандан коркуп псих болницага жибердик дегилечи анан
+1
titanik32
2019-07-31 15:33:10
Кой таштан кармалыптыр деп жатышат,курсагы ачып тамак жегени барган имиш.
-1
Jasa
2019-07-31 16:11:56
Псих эмес го дейм качканга акылы жеткенине караганда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан