Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда кыш чыгаруучу заводдун аймагын сел каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.
Белгилүү болгондой, 30-июль күнү саат 17:30 чамасында Октябрь айыл аймагынын Жолголот айылында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү каналдан суу ашып, кыш чыгаруучу заводдун аймагын каптаган.
Жеринде ыкчам чара көрүү максатында ӨКМнын Ак-Суу райондук ыкчам тобу, кыш чыгаруучу заводдон 1 жүктөгүч жана 1 экскаватор тартылып, сел өтүүчү каналдын тосмолору тазаланды.
Бүгүн селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылат.