Медиа Полис институту: "Бакиев тууралуу тасманын көрсөтүлүшү боюнча УКМК эмес, журналисттер коомчулугу көңүл бурушу керек"

30-июлда NewTV менен NurTV телеканалдарынан Бакиев тууралуу даректүү тасма көрсөтүлгөн. УКМК бүгүн, 31-июлда бул боюнча маалыматтардын жана телеберүүлөрдүн авторлоруна коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерине жол бербестигин эскертти.

Медиа Полис институту бул боюнча билдирүү жасады:

"Биринчиси, кайсы тиешелүү нормаларды жана кайсы мыйзамдар боюнча ЖМКларга эскертүү жиберилүүдө? Кайсы бир мыйзам бузуу көрүнүш болуп турса анда эскертүү менен кошо тигил же бул мыйзам бузулуп жатат деген шилтемеси чогуу болушу шарт. УКМКнын пресс-релизинде бул так көрсөтүлгөн эмес.

ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамдын 23-статьясында тыюу салынган жоболорго даректүү тасманын көрсөтүлүшү боюнча аны бирине да киргизүү мүмкүн эмес.

Телекөрсөтүүлөр жана радиоуктуруулар жөнүндөгү мыйзамда телерадиоуюмдардын ишемердүүлүгүндө цензура болбойт, алар өз алдынча иш кылат жана программаны өздөрү түзүшөт деп жазылган. Ушул эле мыйзам мамлекеттик органдардын бул жааттагы ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсүнө тыюу салат.

Эгерде УКМК тарабынан телеканалдын негиздөөчүлөрү Бакиевдер экендиги далилденген жана тасманын көрсөтүлүшү телеканал ээсинин жеке кызыкчылыгы экендиги болсо, анда бул УКМКдан эмес, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан жүргүзүлүшү керек. Бул жерде улуттук коопсуздук тууралуу эмес, ЖМК тууралуу мыйзамдын бузулушу тууралуу болууда.

Бул резонанстык окуя боюнча укук коргоо органдары эмес, журналисттик коом көңүл бурушу керек деп ойлойбуз. Медиаканал кимге тиешелүү, бул бизнеспи же саясатпы? Аталган телеканалдар кандай кызыкчылыкты көздөйт, алардын редакциялык саясаты кандай, кандай максатта көрүүчүлөргө көрсөтүлдү? Андыктан, башка ЖМКларды бул жаатта иликтөө жүргүзүп, окурмандарына айтып бериши керек" - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан