Экс-мэр Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуп турганда жер тилкеси мыйзамсыз берилгени боюнча кылмыш иши тергөө үчүн каттоого алынды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин "Политклиника" басылмасы Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 25-июнунда №327 токтому менен Ала-Арча-3 VIP шаарчасынан Нариман Түлеевдин жакын адамдары Э.Жапаров жана К.Дүйшөновдорго турак-жайы жок деген шылтоо менен бекер жер тилкелери бөлүнүп берилгенин жазган. "Кийинчерээк ал 6 жер тилкеси Түлеевдин эң жакын адамдарынын колуна өтүп кеткени аныкталган", - деп жазылат маалыматта.
Нариман Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. 2013-жылы коррупциялык иштер боюнча айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылган. 2016-жылы анын иши мунапыска туура келип, эркиндикке чыккан.