Ош шаарына караштуу Ак-Тилек кичи районундагы "Петролеум" май куюучу жайындагы күйүүчү май ташыган унаадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.
Өрт 31-июлда саат 23:09да чектөөгө алынып, 23:45те толугу менен өчүрүлгөнүн ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты. Жабыркагандар боюнча азырынча так маалымат жок.
Өрт тууралуу билдирүү кечээ, 31-июлда саат 22:23тө келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм тартылган.