Мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата даректүү тасманы тартуу иштери башталды. Фильм тележурналист, жазуучу, профессор Байма Сутенованын сценарийинин негизинде тартылып, ага Молдосейит Мамбетакунов режиссёрлук кылат.
"Биз Турдакун Усубалиевдин тушундагы кыргыз искусствосу, киносу тууралуу драматург Мар Байжиевдин айткандарын, эскерүүсүн тартуу үчүн Кино үйүнө келдик", - деген режиссёр Мамбетакунов.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов Мамлекеттик тарых музейине Турдакун Усубалиевдин атын берүүнү сунуштаган.
Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. 1961-1985-жылдары Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчылык кызматын аткарып, бийлик мөөнөтүнүн узактыгы боюнча Бүткүл союздук рекорд койгон.