Мамлекеттик каттоо кызматы унаалардын жаңы үлгүдөгү техникалык паспортторун бере баштады.
Белгилүү болгондой, жаңы үлгүдөгү техникалык паспорттор ушул жылдын 26-июлунан тарта каттоого тургандарга берилет. Ага чейин унаасын каттаткан айдоочулар жаңы үлгүдөгү техникалык паспортту алууга милдеттүү эмес. Тагыраагы, эски техникалык паспорттор юридикалык күчүн жоготпойт. Эгер каалоочулар болсо, алмаштырып алса болот.
Ал эми ушул жылдын 10-июнунда убактылуу берилген техникалык паспорттор милдеттүү түрдө жаңысына алмаштырылышы керек. Мындай учурда жаңы техникалык паспорт үчүн 192 сом төлөнөт.
"Бланк жогорку деңгээлдеги коргоодон турган сапаттуу кагаздан жасалган. Ага өлкөнүн мамлекеттик символикалары жашырылган, алар ультрасыя жана инфракызыл нурлардын жардамы менен гана окулат. Бир бланктын баасы улуттук валюта менен бекитилген. Унаалардын жаңы үлгүдөгү техникалык паспорту мурдагы бланктын баасына караганда 4 эсе арзан. Эски бланктын баасы 10 евро болчу.
3 тилдеги графалардан турган бул жаңы техпаспорттор эл аралык стандартка жооп берет", - деди басма сөз кызматынан.