Ош шаарынын Жапалак айылындагы Ош-Араван каналына эркек киши түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 29-июлда болгон. Анда Ош-Араван каналына эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн.
Издөө иштеринин натыйжасында 31-июль күнү саат 10:10до маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.