Улуттук энергетикалык холдинг: "28 майнинг-компания электр менен жабдуудан өчүрүлгөн"

"30-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16 миллиард 4 миллион куб метрди түзүп, 2018-жылдын ушул күнүнө салыштырганда 2 миллиард 2 миллион куб метрге аз", - деп "Улуттук энергетикалык холдингдин" башчысы Айтмамат Назаров Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин коллегиясында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызгидрометтин божомолу боюнча 2019-жылдын апрель-сентябрь айларында Токтогул суу сактагычына суунун кирүүсү көп жылдык нормадан 86 пайыз түзөрү күтүлүүдө. "Суу-энергетикалык эсептөөлөргө ылайык, 2019-жылдын 1-октябрына Токтогул суу сактагычында 17 миллиард метр кубга жакын суу топтоо пландаштырылууда. Ушуга байланыштуу энергетикалык компаниялар электр энергиясын үнөмдөө режимине өттү. Биз азыр бардык резервдерибизди сактоого аракет кылып жатабыз. Ушуга байланыштуу 28 майнинг-компания электр менен жабдуудан өчүрүлгөн”, - деди Айтмамат Назаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан