Жалал-Абадда 16 жашка толо элек кызга баш кошуп, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын июнь айында Жалал-Абад шаарынын тургуну 1996-жылы туулган Т.Н. 2001-жылы туулган Сузак районунун тургуну А.А. менен анын 16 жашка толо электигин билип туруп турмуш курган. Натыйжада жашы жете элек кыз 2018-жылдын октябрь айында төрөгөн. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
"Шектүү Т.Н. жүргөн жерин жашырып, тергөөдөн качып, келбей жүргөндүгүнө байланыштуу 2019-жылдын 1-май күнү Жалал-Абад шаарынын сотунда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, камак түрү тандалган. Буга байланыштуу Жалал-Абад ШИИБинин криминалдык милиция кызматы тарабынан издөө жарыяланган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 31-июлда кылмышка шектүү Т.Н. кармалып, Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.