Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын июль айында 6 миллиард 747 миллион 1 миң сом суммасында салыктар жана төлөмдөрдү чогултуп, белгиленген план 102,2 пайызга аткарылды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын июль айына салыштырмалуу салыктардын түшүшү 754 миллион 4 миң сомго өстү. Ушул эле мезгилде 2 миллиард 512 миллион 5 миң сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүү 266 миллион 2 миң сомго өстү. Ошол эле учурда 6 айдын жыйынтыгы боюнча толугу менен чогултулбай калган салыктардын (1 миллиард 517 миллион 4 миң сом) жана камсыздандыруу төгүмдөрдүн (750 миллион1 миң сом) суммасы июль айындагы пландын ашыгы менен аткаруунун эсебинен салык боюнча 147 миллион 1 миң сомго жана социалдык төгүмдөр боюнча 79 миллион 7 миң сомго кыскарган.