Бишкектеги ооруканалардын биринде жандандыруу бөлүмүндө каза болгон жарандын аты-жөнүн аныктоого милиция жардам сурайт (абайлаңыз, сүрөт)

Бишкектеги улуттук хирургия борборунун жандандыруу бөлүмүндө каза болгон жарандын аты-жөнүн аныктоого милиция жардам сурайт. Маркум ушул жылдын 6-январында "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага эс-учун жоготкон абалда келип түшкөн. Бирок ал эсине келбей каза болгон. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Каза болгон жарандын кебетеси европалык болгон, жашы 30-35 чамасында.

Бою 175-180 снатиметр, арык, чачы сары түстө.

Сүрөттөгү адамды көрүп-билгендер болсо, төмөндөгү телефон номерлерге чалып байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефондору: 0 (312) 35 26 05; 0553 102 465; 0551 088 330; 0703 401 600; 0705 450 553; 0553 102 880 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
maks1980bishkek
2019-08-02 14:30:22
8айдан бери моргдобу
+5
Nevestkaa
2019-08-02 21:16:51
Январда каза болсо эээми айттыңарбы.
+5
JENTLEMAN
2019-08-02 22:30:14
Nevestkaa, Буга чейин практиканттарга кесетурган жерин кестиртип, тига турган жерин тиктиртип, сата турган органдарын сатып, ала турганын алып бүтүштүда, эми кереги жок болуп калганда жарыялап ээсин таап, өткөрүп берип кутулуш керек бекер эле морктон жерди ээлебей.
+5
Mamiev
2019-08-02 23:23:27
JENTLEMAN,Баарын билип көргөндөй жазыпсын тууганым.Кудайдан улук сүйлөбөйт көрбөгөн билбегенден кийин мындай сөздү жазбай эле койсок
0
Holboeva92
2019-08-02 23:52:07
JENTLEMAN, эмне врачтар Адам эмеспи экен?
0
JENTLEMAN
2019-08-03 02:08:49
Holboeva92, Ооба, врачтардын көпчүлүгү, деерлик бардыгы эле адам эмес, акчага көзү кызарган айбан сыяктуу таш боорлор, операцияга акчаң жок болуп "Бүгүн операция жасай бергиле, эртең акчасын төлөйм" деп, өлүп жатсаңда, колуңдан жетелеп "Эртең акчаң менен кел" деп, чыгарып коюп, акчасы барларды операция кылышат, же бир адамча сүйлөшпөйт корсулдап, мен мындай айбандык мамилелеринин далайына күбө болгом. Ошон үчүн буларда ынсап, мээрим жок, ээси жок өлүктөрдү каалагандай кескиле
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан