Өлкөнүн бардык мектептеринде чет тил сабактарынын сааты көбөйтүлдү. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Быйылкы окуу жылынын базистик планына ылайык, 7-класстын окуучуларына чет тилдерди окутуу 2 сааттан 3 саатка чейин көбөйтүлдү. Мектептердеги чет тилдерди окутуу программасы 3-класстан 11-класска чейин кирген.
2017-жылы 5-класстын окуучуларына чет тилдерди окутуунун сааты 5 саатка, 6-класстын окуучуларына 4 саатка көбөйтүлгөн.
Мындан тышкары тажик, өзбек тилдүү мектептердеги 8-класстын окуучуларына чет тилдерди окутуу 1 саатка көбөйтүлгөн", - деп жазылат маалыматта.