"Вечерний Бишкектин" бардык активдери мурунку ээсине өттү

"Вечерний Бишкек" Басма үйү" жабык акционердик коомунун бардык активдери Александр Кимге өттү. Бул тууралуу Александр Кимдин жактоочусу билдирген.

Бишкек шаардык сотунун чечимине ылайык, доогер Александр Рябушкин жана анын жубайы Галина Рябушкина "Вечерний Бишкек" Басма үйүнүн" 68 пайыз, "Рубикондун" 50 пайыз активинен ажыратылды. Бардык активдер мыйзамдуу түрдө "Вечерний Бишкектин" мурдагы ээси Александр Кимге өттү.

Александр Кимге басмакананын учурдагы ээси Александр Рябушкиндин арызынын негизинде кылмыш иши козголгон. Рябушкин Александр Ким кызмат абалынан пайдаланып компаниянын ири суммадагы каражаттарын мыйзамсыз алып турган деген негизде андан 27 миллион сом талап кылган. Ал эми айыпталуучу өзүнө коюлуп жаткан айыпты четке кагып, муну саясий кысым катары айтып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан