Ош шаарында жансыз денеси каналдан табылган жарандын аты-жөнүн аныктоо үчүн милиция кызматкерлери коомчулуктан жардам сурайт. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-июлда Ош-Араван каналына эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Издөө иштеринин натыйжасында 31-июль күнү саат 10:10до маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Маркумдун өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, кара тору, кашы жана чачы кара.
Кийип жүргөн кийимдери: ак түстөгү көйнөк, кара түстөгү жынсы шым, бутунда кара түстөгү бут кийим.
Кимде-ким сүрөттөгү адамды таанып-билгендер болсо, төмөнкү номерлерге чалып байланышып коюну өтүнөт.
Байланыш телефондору: 0(3222) 6 27 57, 0772 41 41 70, 0705 25 52 77, 0552 13 21 32.