Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө абанын температурасы 40-41 градуска чейин жогорулашы күтүлөт

2-3-августта абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +37... +39 градуска чейин, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 3-августка чейин +39... +41 градуска чейин жогорулашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидрометтен билдиришти.

Катуу ысык 6-августтан 9-августка чейин орун алат. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө +38... +40°ка чейин, Талас өрөөнүндө +36... +38 градуска чейин жогорулайт.

Мындай кургак жана катуу ысыкта организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күн тийген жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ikitaidesu
2019-08-02 15:41:28
Айланайын 40 тан ашып, 50 гө жетип эле атса керек...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан