Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы паспорт даярдоо боюнча тендерге байланыштуу иликтөө жүргүзүп жаткандыгы белгилүү.
"Шаикова - паспорт даярдоо боюнча тендерге байланыштуу кылмыш ишинде бирден бир фигурант. Ал адвокаты аркылуу буга чейин бир канча жолу суракка чакыртылган. Бирок ал келген жок. 5-августка чейин Шаикова суракка келбесе ага издөө жарыяланат", - деп жазылат маалыматта.
19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова кызматынан бошотулган.
1-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы паспорт даярдоо боюнча тендерге байланыштуу иликтөө жүргүзүп жаткандыгы белгилүү болгон. 16-апрелде иликтөөнүн жыйынтыгы менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилик кызматындагы 3 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин УКМКнын маалымат кызматы тастыктаган.