Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташыган унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 1-августта саат 07:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 417-чакырымында болгон.
"MAN 19 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны 50 жаштагы Б.С. аттуу жаран башкарып бара жаткан. Айдоочу чукул бурулуштан рулду башкара албай калган. Унаа оң капталы менен оодарылып, 25-30 метр жерге сүрүлүп, жолдун сол четине токтогон. Натыйжада унаада бара жаткан жүргүнчү денесинен ар кандай жаракат алып Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.