3 күн катары менен дем алыш. Курман айт майрамы 11-август жекшемби күнгө туура келгендиктен 12-август дүйшөмбү күнү дем алыш болот. Мындай маалыматты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, Кыргыз жергесинде диний майрамдар дем алыш күн болуп эсептелинет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамында көрсөтүлгөндөй, майрамдар эс алуу күндөрүнө туш келсе, анда дем алыш күндөрү эртеси күнгө жылдырылат.