Орусиядагы ЛГБТнын активистинин өлүмү: Шектелип жаткан Кыргыз өлкөсүнүн тургунуна коюлган айып алынды

Санкт-Петербург шаарында ЛГБТнын активистинин өлүмүнө шектелип Кыргыз өлкөсүндө туулган 38 жаштагы жаран кармалган. Шектүүгө коюлган айыптар алынганын Санкт-Петербург шаарындагы тергөө комитети билдирген.

21-июлда активист Елена Григорьева менен шектүү алкоголдук ичимдик ичип отурушканда ортосунда пикир келишпестик орун алгандыгы айтылган. Шектүү Еленага 8 жолу бычак сайып, жабырлануучу алган жаракаттарынан улам ошол замат каза болгондугу маалымдалган. Ошондой эле шектүү ушул жылдын июль айынын башында таанышынын буюмдарын, акчасын уурдап кеткени маалым болгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектелип жаткан жаран уурулук кылганын моюнуна алып, бирок Елена Григорьеваны өлтүрбөгөнүн, кылмышты башка бирөө жасаган деген көрсөтмө берген.

"Ыкчам тергөө иштеринин алкагында шектүүнүн берген көрсөтмөсү аныкталган. 31-июлда Санкт-Петербургдун 1990-жылы туулган жергиликтүү тургуну кармалган. Ал буга чейин баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу боюнча соттолгон. Чогултулган далилдерден кийин кармалган жаран күнөөсүн моюнуна алган. Учурда кылмыш ишин иликтөө иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2019-08-02 14:33:47
Экоотен куноолуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан