"2018-жылы эмгек мигранттары жана жергиликтүү ишкерлер Кыргыз мамлекетинин аймактарынын өнүгүүсүнө 6 миллиард 1 миллион сом салым кошту" деп бүгүн, 2-августта президент Сооронбай Жээнбеков чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында айтты.
Президент акыркы убакта мекендештер өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө активдүү инвестиция салып жатканын, кичи мекениндеги социалдык жана экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып баштаганын белгиледи.
"Мектеп, бала бакча, көпүрөлөрдүн курулушуна көмөктөшүп, колунда жок адамдарга, жалгыз бой энелерге, жетим балдарга жардам берүүдө. Бул тажрыйба мындан ары да уланып, киндик кан тамган кичи мекениңерге жардам көрсөтө бересиңер деп ишенем. Мындай тажрыйба аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-милдеттерди аткарууга чоң көмөк болууда", - деди Жээнбеков.
Мамлекет башчысы мекендештерге аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик деңгээлдеги демилгелерди колдоп жатканына терең ыраазычылык билдирди.
"Аймактарды өнүктүрүү иштери тийиштүү жарлыгымдын алкагында быйыл экинчи жыл жүрүп жатат. Бул менин президенттик ишимдеги артыкчылыктуу багыт болот, бир-эки жыл менен чектелбейт" деп баса белгиледи мамлекет башчысы.