Эми 11 өлкөнүн жарандарына Кыргыз визасын алуу жеңил болот. Өкмөттүн 2019-жылдын 1-августунда кабыл алган токтомуна ылайык жеңилдетилген виза режими киргизилген өлкөлөрдүн тизмеси кеңейтилди. Алар Алжир, Бангладеш, Египет, Индия, Иордания, Ливан, Марокко, Непал, Пакистан, Тунис жана Шри-Ланка өлкөлөрү экенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Аталган өлкөлөрдүн жарандары Бириккен Араб Эмираттарынын, Кувейт, Катар, Бруней-Даруссалам, Оман жана Бахрейн мамлекеттеринин (жарандар аты аталган өлкөлөрдүн резидент-карталарына ээ болуулары керек) аймагында туруктуу жана мыйзамдуу жашоого тийиш.
Кыргыз жергесине келүү үчүн 1 айга чейинки кыска мөөнөттүү туристтик виза алуу үчүн резидент-карталарын жана резидент-визаларын (бир жерде туруктуу жашоого укук берүүчү документин) көрсөткөндө гана жеңилдетилген тартипте берилет (атайын чакыруунун зарылчылыгы жок эле жеке кайрылуунун негизинде).
“Виза берүүнүн жеңилдетилген тартибин киргизүү өлкөгө Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн меймандарды тартууга шарт түзөт. Учурда Персид аралындагы өлкөлөргө авиакаттамдар ачылып жаткандыктан бул иш актуалдуу болуп саналат.
Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгыштын өнүккөн араб өлкөлөрүнүн резидент-жарандары үчүн жеңилдетилген виза режимин киргизген аймактагы алгачкы өлкө болуп калды”, - деп жазылат маалыматта.
Жеңилдетилген виза берүү боюнча өкмөттүн токтому 2019-жылдын 11-августунда күчүнө кирет.