Бүгүн, 2-август күнү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында "Asia Session-2019" музыкалык фестивалы старт алды. Кеченин көшөгөсү заманбап бийчилердин коштоосунда ачылды. Андан соң алып баруучу Санжар Мыкыев бүгүнкү майрамдын өзгөчөлүгү сөз азыраак, бий көбүрөөк болорун айтып фестивалды ачык деп жарыялады.
Азыркы учурда кыргыз шоу-бизнес жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулоодо. Бүгүн фестивалдын биринчи күнү, сахнага эл аралык деңгээлдеги ырчылар Say Mo, Sam Cosmo жана Havana чыгышат.