Кыргыз өлкөсүндөгү түрмөлөрдө быйылкы жылдын жарымында 23 адам каза болгон. Бул тууралуу "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюму билдирет.
2018-жылы бир жыл ичинде түрмөдө каза болгондордун саны 65 адам болгон. 2017-жылы 66 адам набыт болгон.
"Камактагы адамдар тиешелүү медициналык жардамдарды ала албай жатышат же толук кандуу алышпайт. СИЗОдогу дарыгерлер көпчүлүк учурда туура эмес диагноз коюп, жарандык ооруканаларга алып барышпайт", - деп билдирет аталган уюм.