Кыргыз муфтийи Максатбек Токтомушев Мекке шаарында ажылыкты уюштуруу иштери менен таанышты

Кыргыз мусулмандарынын муфтийи Максатбек Токтомушев Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөлөрү менен жолугушуп, ажылыктын жүрүшү боюнча жеринде таанышты. Бул тууралуу Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирет.

"Штаб кызматкерлери менен болгон жолугушууда муфтий ажылар үчүн кызмат кылуу жоопкерчиликтүү иш экендигин айтып, быйылкы жылдагы ажылык ишинде Сауд Арабия падышачылыгынын ажылык министрлиги койгон талаптардын бардыгы аткарылышы керектигин билдирди. Муну менен катар штаб өкүлдөрүн ажылыкты жогорку деңгээлде уюштуруу керектигин айтып, ажыларга коопсуздук, санитардык, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө көчүү эрежелерин, тартиптерин ажыларга жакшылап түшүндүрүү керектигин билдирди. Ошондой эле муфтий ажылардын коопсуздугуна көңүл буруп, аларга жолдо жүрүү эрежелерин, Мина өрөөнүндө өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча атайын түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүү керектигин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
salimbek87.kg
2019-08-04 13:31:57
Ажыныздар кабыл болсун урматтуу мусульман бир туугандар ажы сапарындагы мекендештер. Ар бир мусулманьга Ажыга баруу насип кылсын аамин
+7
Avrora2017
2019-08-05 08:07:45
salimbek87.kg,иии бышырып коюптур баарынарга
-3
tnt_ostrof
2019-08-04 20:15:39
Бироого жамандык кылсан ал да жамандык кылат. Ишенбесен кылып кор. Тозок да бар бейиш да бар ишенбесен олуп кор! деген экен бир акын.
+1
zhaku2017
2019-08-04 21:31:28
tnt_ostrof,
Молдолор биринчи озунор олуп коргуло да. Биз кутуп туралы
0
shirinai
2019-08-05 22:28:42
Ажыларыбыз эсен аман келишсин. Парздарын Аллахым кабыл этсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан