Аба ырайынын аптабы ысык болгондугуна байланыштуу Ош-Бишкек каттамында оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө өзгөчө көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, эл аралык жолдун сапатын сактоо максаты көздөлүп, күндүзү оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө жол бербөөгө жол көзөмөлдөөчүлөр Транспорт министрлигинин кызматкерлери менен бирдикте жүргүзүшүүдө. Айдоочуларга да түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
"Негизи аба ырайы 28 градустан ашкандан кийин оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет. Посттордо да көзөмөл күчөтүлгөн, түнкүсүн гана уруксат берилүүдө" дейт Жалал-Абад облустук ЖКККБнын өкүлү.
Буга чейин 1-июндан 1-сентябрга чейин күндүн табы +28ден жогору болгондо эртең мененки саат 9:00дөн кечки 20:00гө чейин оор жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргени айтылган.