Өрт чыккан Дордой-1 конушундагы кампада кир жуучу машиналар күйүп кетти

Бүгүн, 4-августта Дордой-1 конушунда жайгашкан кампадан өрт чыкты.

Окуя болгон жерден кабарчыбыз өрткө күбө болгондор менен сүйлөшүп кырсык тууралуу болжолдуу маалыматтарды алды. "Саат 4төн өтүп түтүн чыгып баштады. Өрт өчүрүүчүлөрдү чакырдык. Кампадан 50дөй күйүп кеткен кир жуучу машиналарды алып чыгышты. Баары бүгүн келген жаңы товарлар деп айтып жатышты", - дейт Дордой-1 конушунун тургуну Майрам Анарбаева.

Айрым тургундар аталган конушта түштөн кийин суу чыкпай калганы өрттүн күчөп кетишине себеп болду дешет. "Эл өзү эле өчүрүп алмак. Чака көтөрүп алып, суу таппай жүрүштү" дешти конуштун тургундары.

Кампада Кытайдан келген товарлар, жалпысынан үй тиричилик техникалар сакталары жана алар бир канча адамга тийиштүү экендиги маалым болду.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulzat85
2019-08-05 00:57:00
Иии кырсык(((
0
KAYRATBEK
2019-08-05 03:51:55
Аллах берди,бирок биз бербедик. бербесен Аллах бир саатта 100 эселеп алып койот. Аллах алам десе бир ортту себепчи кылып бат эле алып койот. Колундан эч нерсе келбейт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан