Өрт чыккан Дордой-1 конушунун тургуну: "Эч нерсени көтөрө чыгууга жетишпей калдык"

Бүгүн, 4-августта Дордой-1 конушунда жайгашкан кампадан өрт чыкты.

Аталган конуштун Зулайка аттуу тургуну кырсык тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди: "Өрт биздин үйдүн артында турган контейнерден чыкты. Тамак асканы жаткам, бүгүн айылдан кайнагам келмек. Бирок кырсыктын айынан аны да жоготуп койдук. Өрт бат эле алоолонуп кетти. Жылаңаяк качып чыктык. Эч нерсени көтөрө чыгууга жетишпей калдык. Документтер деле калды. Азыр эми өрт өчүрүүчүлөр үйгө киргизбей жатышат. Кырсык болгон жерди курчоого алышты. Үй күйүп кеттиби билбейбиз".

Саат 22:00гө карата кампага жакын жайгашкан үйлөрдүн буюмдарын сыртка алып чыгышты.

Буга чейин дагы бир Дордой-1 конушунун тургуну кампада 50дөй кир жуучу машина күйүп кеткенин айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Altyn.bala
2019-08-04 23:31:13
Кайнагамды жоготуп койдук дегени кандай?
+6
Kroxa
2019-08-05 17:12:44
Altyn.bala,аман болду бекен кырсыктын айынан аны да жоготуп койгону кандай??
0
Makul
2019-08-04 23:46:44
Ошо түшүнүксүз болуп калыптыр ошол жери.
+7
ashirbaev78
2019-08-04 23:55:30
Келе жаткан болсо кайда кеткенин билбей калгандыр да ал да ортту угуп кетип калганго
0
KAYRATBEK
2019-08-05 03:49:25
Аллах берип жатат. Бирок биз Аллах учун бей бечарага бербедик. Аллах алып койду. Орт орт дейбиз бирок терениреек ойлонуп ой жугуртпойбуз. Ортту ким жаратат. Аллах. Ортту ким жаратып ким куйгузот Аллах!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан