Бүгүн, 4-августта Дордой-1 конушунда чыккан өрт чектөөгө алынды. Такталган маалымат боюнча, Дордой-1 конушунун 10-көчөсүндө үй-тиричилик техникаларын сактоочу кампадан чыккан өрт саат 21:53тө чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кошумча маалымат берилерин билдиришти.