Биринчи вице-премьер "К-water" корей компаниясынын өкүлдөрү менен кызматташуу маселелерин талкуулады

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов "Ысык-Көл" эл аралык экономикалык форумунун алкагында суу ресурстары боюнча "К-water" корей компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргыз мамлекети жана Кореянын заманбап смарт-технологияларды колдонуу менен тазалоо курулмалары тутумун, ирригация тутумдарын өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуу келечеги талкууланды.

Муну менен катар компания өлкөлөр ортосунда маалыматтык технологиялар жаатында адистерди окутуу жана заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү мүмкүндүгү менен тажрыйба алмашууну сунуштады.

Кубатбек Боронов белгилегендей, агенттик жана "К-water" компаниясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол койгон соң мындан аркы кызматташуу Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги аркылуу жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elchi84
2019-08-05 08:51:52
Алардан да желке сурайсынар жана дагы качып кетет Кыргызстандан.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан