Акыйкатчынын наамына Бишкек шаарынын тургуну В.Данилова кайрылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 2007-жылы Орусиянын Нижневартовск шаарына иштөө үчүн чыгып кеткен. "Анын апасы Данилованы өз мекенине кайтууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Арызда жазылгандай, 5 жылдан кийин апасы менен байланыш үзүлгөн. Кийин туугандарынын бири издегенде, анын бул аралыкта эки жолу үйү өрттөнгөнү маалым болгон. Ошондой эле ден соолугу да начарлаган. Ушул убакка чейин ал ден соолугун калыбына келтире албай жүрөт. Андан тышкары анын Бишкек шаарында 2007-жылы алган паспортунун мөөнөтү да өтүп кеткен.
Акыйкатчынын Орусиянын Ханты-Мансийск аймагындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү бул окуя боюнча Свердлов облусунун башкы консулдугуна кайрылды. Бирок Башкы консулдуктан жаран өзү келиши керек деген талап коюлган. Данилова ден соолугуна байланыштуу бара албайт", - деп жазылат маалыматта.
Акыйкатчы институту Тышкы иштер министрлигине жана министрликке караштуу консулдук кызматы боюнча департаментке кат менен кайрылды.