Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаиковага издөө жарыяланды

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаиковага издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы паспорт даярдоо боюнча тендерге байланыштуу иликтөө жүргүзүп жатат. Шаикова жактоочусу аркылуу бир канча жолу суракка чакыртылган. Бирок ал келген жок. 5-августка чейин Шаикова суракка келбесе ага издөө жарыялана турганы айтылган.

1-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы паспорт даярдоо боюнча тендерге байланыштуу иликтөө жүргүзүп жаткандыгы белгилүү болгон. 16-апрелде иликтөөнүн жыйынтыгы менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилик кызматындагы 3 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Chungyz
2019-08-05 12:47:39
Бул адамда паспорттун туру болсо керек кантип табасынар эми
+4
Qwer007
2019-08-05 15:01:02
Бизде салт ушундай окшойт,биринчи качырып анан издоо жарыялап..бир эл учун иштеген элге куйгон адам жок...
0
altyn-kumush
2019-08-05 22:44:54
Камалсын бул шестерка
0
altyn-kumush
2019-08-05 22:45:42
Улут графасын жок кылгандардын бир ушул! Главарь эркиндикте журот 10гр.дык рюмкасы менен....жоопко тартуу зарыл!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан