Өкмөт Ирак жана Сириядан балдарды кайтарып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө

Өкмөт Ирак жана Сирияда жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдарды кайтарып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сириянын "Качкындар үчүн курд лагерлеринде" кармалып жаткан жана Ирактын түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткан Кыргыз жарандарын кайтарып келүү боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилигинин астында тиешелүү жумуштар аткарылып жатат.

Учурда мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ирактын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз жарандарынын балдары визалык режимди бузгандыгына байланыштуу айып төлөө маселесин чечүү үчүн кыргыз тараптан финансылык каражаттар такталды. Бул маселе өкмөттүн аппаратында каралып жатат.

Өкмөт тарабынан тиешелүү жумуштар жүргүзүлүп, бул маселе премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүндө турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nurbek11
2019-08-05 10:36:14
Балдарды алып келсенер жакшы аларда куноо жок. Бирок согушка барып колго тушкон кыргыз иттерин алып келбегиле, алардын соогу да алтым мамлекетим болгон Кыргызстанга келбесин. Ошол жакта жок болушсун мамлекетими булгашпасын.
+6
J1irg
2019-08-05 11:13:06
Диңге уулангандар ошол жакта эле калышсын. Бейишке чыгышмак имиш байкуш фанаттар. Молдонун сөзүнө ишенип болбойт. Молдонун бейишин укмак бар, көрмөк жок.
+2
TalaCSKA
2019-08-05 12:00:22
Аларды алып келип эмне кыласынар кереги жок андай адамдардын!эгер мисалы менин кошунам ошол жактан келсе мен кой бул кан кечип келген неме деп омур бою кооптонуп жашагым келбейт, тем более жаштарды ар кайсы нерсеге угуттоп теракт уюштурбайт деп ким кепилдик берет ?
+1
Chungyz
2019-08-05 12:41:45
Жаш балдарды алып келгиле бирок Жексурлар ошол жакта калсын элден кечирим сурашсын
0
Flowhive
2019-08-05 13:26:30
Кайтарып алууга канча акча коротконунарды да айткыла
0
altyn-kumush
2019-08-05 22:42:16
Улуттук коопсуздукту унутпайлы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан